Бишкек ШИИББи: "Журналисттин камерасын талкалагандар кызматтык унаага да залал келтиришкен"

2-февралда Бишкектеги Максим Горький көчөсүндөгү "Азамат" кафесинде журналист Азият Жекшеевдин аппаратурасын талкалаган балдар окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобуна каршылык көрсөтүп, топтун кызматтык унаасына да залал келтиришкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 3-февралда билдиришти.

"Саат 03:40та арыз ээси видео тартып жаткан маалда белгисиз адамдар анын видеокамерасын тартып алып талкалап салышкан. Маалымат түшкөн соң Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Видеокамераны талкалагандар бишкектик 1995-жылкы А.А., 1997-жылкы Л.А. жана А.А. экени аныкталып, аларды кармоо маалында каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам кызматтык унаанын күзгүсү талкаланган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда кылмыш иши ачылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Migrant-rf
2017-02-03 11:45:53
Бирин олуп бирин кал.
-3
sirgak_92
2017-02-03 12:24:08
Эркектер болчу бирок кызча кийинип алышыптыр
0
ali1995
2017-02-03 12:29:12
Когушторкенда
+1
seni.gana
2017-02-03 12:43:53
Азият Жекшеев молодец мыкты журналист маалыматтарды убагында камерага тушуруп елге жеткирет сыйлайм.
+3
Kairat.96
2017-02-03 22:03:41
Азияттай журналисттер кобойо берсин азаматсын. Ушунун маалыматтын толук видеосу качан чыгат экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан