Бишкектеги кафелердин биринде кызча кийинген 3 бала журналистти сабап, камерасын талкалады

Бишкектеги Мукай Элебаев жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде кечээ, 2-февралда таңга маал кызча кийинген 3 бала жаңжал чыгарып, журналисттин камерасын талкалаган. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталына кафенин кызматкерлеринин бири билдирди.

Маалыматка ылайык, алар кафеге акчаны толугу менен төлөй албай жаңжал чыгарышкан. Чакырыкка келген укук коргоо кызматкерлери менен бирге журналист Азият Жекшеев да барган. Кызча кийинген балдар аларга каршылык көрсөтүп, журналисттин камерасын талкалаганга жетишишкен.

Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев бул 3 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Тергөө иштерин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү жүргүзүп жатышат. Келтирилген чыгым эсептелип бүтө элек", - деди Олжобай Казабаев.

Бишкекте тележурналист сабалып, камерасы талкаланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Gulnur1980
2017-02-03 10:22:34
Ааааиииийййй бетим ииийй олгону калышыптырго,уят,шерменде!!!
+2
aikokul14
2017-02-03 10:23:52
Шордуу кыргызым,бизге ушул транссвеститтер эле жетишпей жатты эле,намыс,уят деген кайда калды,кыргызымдын жигиттери?
+12
dasta
2017-02-03 10:25:25
Азият акыры коруптурда бир демени.
-3
adi_ko.kg
2017-02-03 10:26:26
уят эле!
-2
good-girl
2017-02-03 10:56:56
Транссвеститтер и несиииии тушунбодум????
-1
snejinka
2017-02-03 12:17:16
good-girl, трансвестит деген бул психикалык оорулуу адамдар, мисалы жигит кыздын кийимин кийип алып басканынан баштап кылык-жоруктарын кызга окшоштуруп алгандар. Ошондой эле операция жолу менен да меняют пол.
0
AykaMer
2017-02-03 16:15:17
snejinka,Андайларды либо гей либо лесби дейт. Трансвеститтердин жаратылышы ошондой...
0
AykaMer
2017-02-03 11:09:25
Тообо деп суйлогуло,аларды Кудай ушинтип жараткан,башкаларга(когуш,лесби) сабак болсун деп. Трансвисттер кыз болуп торолот,бирок эркектикиндей мучосу болот. Кээде наоборот болот. Эркек бала торолуп,аялдын мучосу болуп. Так что чон суйлобой тообо деп эле норма эле мамиледе боло бергиле,аларды болбой. Мындай болуп торолушуно алар куноолу эмес да. Кафедегилерге айтаарым: эгер толой албай жатса залогко бир нерсесин алып оздору эле тынч эле чечип койсо болмок. Тим эле милиция,журналисттерди чакырып ж
-2
bond02
2017-02-03 11:46:20
Трансвестит деген создун туздон туз кыргызча которулушун жазып коесунарбы мумкун болсо.
0
AykaMer
2017-02-03 12:06:01
bond02,Google,yandex тен издесенер толтура чыгат.
0
ayjan_90
2017-02-03 12:00:59
Трансвестит эмне ал билгендер айткылачы
-1
MENMINGO
2017-02-03 12:06:17
Кыргызчасы кызтеке дейт
+1
good-girl
2017-02-03 12:24:36
Ааа рахмат кудайым ОЗУ сактасын.
Бир кыз бар эле балдардын кийимин кийет, суйлошкон кызы да бар болчу операция кылып мучосун озгорткон анан ал кызга уйлонгон угушумча бир кыздуу болушкан. Бирок кантип балалуу болушат деймдаааааа.
0
Attila88
2017-02-03 13:37:56
кыямат кайым жакындап жатат.алардын балееси кесепети башка элге да тиет.качандыр бир убакта ушундайлар кобоюп кеткенде Аллахым ошол элди жерди боорон чапкын кылып жок кылып салган.бизге зыяны тийбесекен.коом бузулду.
-1
kanyshai_2011
2017-02-03 14:45:11
Тооба кылайлык .ыйман берсин.баарыбызга
0
mandalak
2017-02-03 15:45:27
кандай камера тандарынды айтып берейинби ))) толотуп ал камера эн арзаны 1000 $ жанылыктарга тартулчу видеокамера sony nxcam 4000$. )) Азият мен жакында эле RED EPIC камерасын карап келдим алдырсан ушундай алдыр колунан келсе )))
-5
Bubu88
2017-02-03 17:38:17
Жамман мушташышыптыр го. Тооба кылдым тооба кылдым. Эч нерсе дей албайм
0
satarovkubacom
2017-02-04 03:03:17
Бул среда Тв кайгуулду корбойт экенбизда ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан