ЖЫЛНААМА, 4-ФЕВРАЛЬ: Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков: "Улуу эжекем экөөбүз бир күндө туулганбыз, аны куттуктаганы барам"

Бүгүн, 4-февралда телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков 29 жашка толуп жатат. Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, бүгүн куттуктоолордун баары мыкты болуп жатканын айтты.

"Эң биринчи болуп университеттен бери дос болуп келген Нурик куттуктады. Куттуктоолордун баары мыкты болуп жатат. Бүгүн эң улуу Жыргал эжемдин да туулган күнү. Экөөбүздүн айырмабыз 16 жаш, ал 45ке чыкты, бир аздан кийин куттуктап барам. Жыргал эжем бешөөбүздүн улуусу, мен кичүүсүмүн", - деди Рыскулбеков.

Ал эми кечинде алып баруучу Максат Тынаевдин уулунун тушоо тоюна барарын кошумчалады телеалпаруучу.

Эркин Рыскулбеков 1988-жылы 4-февралда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында туулган. 5 бир туугандын кичүүсү. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн бүтүргөн. Телевидениенин босогосун 2008-жылы аттаган. Ал эми 2014-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын ТВ персонасы" деп табылган.

4-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabai
2017-02-04 14:28:10
Tuulgan kuut bolsun
+1
Izdeim_seni.
2017-02-04 14:34:52
Ушу бала жакшы алып барат беруулорду. Назира Айтбекова,Нурзаттарга Караганда.
+2
palina
2017-02-04 16:25:28
Izdeim_seni.,назираны айтсанда Нурзатты тек койчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан