Түркмөнстанда кыргыз футболчулары эртеңки жооптук оюнга даярдыктарды көрүшүүдө

Түркмөнстанда кыргыз футболчулары эртеңки жооптук оюнга даярдыктарды көрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Дордой" футболдук командасы 4-февралда Түркмөнстанга барган. Оюнчулар Балканабад шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашышкан. Учурда футболчулар эртеңки мелдешке даярдыктарды көрүп жатышат. "Дордой"-"Балкан" командаларынын беттеши эртең, 7-февралда орун алат. Жооптук беттеште уткан команда "Хосилот" менен "Шахин Асмаи" командаларынын жеңүүчүсү менен ойнойт. Ийгилик багындарган команда Азия футбол Кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.

Эске салсак, буга чейин 31-январда аталган командалар Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
-LEGENDA-
2017-02-06 11:46:45
Женнип кайтышына ишенбей турам. Менимче 2-1 ге женилип кайтышат, себеби Туркмондор кучтуу экен.
+3
USSRKG
2017-02-06 12:01:55
-LEGENDA-,анысы анык десен кагылайындар женгилечи.Алай дейбиз алайыз Озбекстандын Хоким кубогунда группада акыркы орунду алып учуп кетиптир.
+2
sirgak_92
2017-02-06 12:36:04
USSRKG,ким айтты аны ал оюнга Алай катышкан дагы жок
-2
afina66
2017-02-06 20:13:10
-LEGENDA утат десен сразу
еле утулат дебей куч
атасын тааныбайт
+1
mirkaa5182
2017-02-06 11:57:47
Алайдан кошуш керек эле, күчтүү оюнчуларды
-7
Edward.14
2017-02-06 14:13:25
Ийгилик менимче биздикилер женет счет .0:1Дордойдун пайдасына
0
bond02
2017-02-07 09:32:41
Биздикилер оз уйундо женсе болмок, конокто билбейм эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан