Бүгүн, 31-январда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Дордой" АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында “Балкан” командасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыкты.
Оюн эсебин коноктор 70-мүнөттө ачып, “Балкандын” коргоочусу Нуртаган Маммедалыев айырмаланды. Эсепти 78-мүнөттө “Дордойдун” чабуулчусу Алишер Азизов теңеди.
"Балкан" командасы менен жооптук беттеш 7-февралда Балканабад шаарында өтөт. Бул оюндун жеңүүчүсү "Хосилот"-"Шахин Асмаи" беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Уткан команда Азия футбол Кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.