Бүгүн Түркмөнстанда “Балкан”-“Дордой” беттеши орун алат

Бүгүн, 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында жергиликтүү “Балкан” командасы бишкектик “Дордой” менен жооптук беттешти өткөрөт. Эске салсак, аталган эки команданын биринчи оюну 31-январда Ош шаарында 1:1 эсеби менен аяктаган.

“Дордой” командасынан ар кандай себептер менен дарбазачы Валерий Кашуба, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев жана чабуулчу Соломон Тейки Түркмөнстанга барышкан эмес. Ошол себептен бүгүнкү оюн аталган футболчуларсыз өтмөкчү.

Оюн Бишкек убактысы менен саат 16:00дө башталат. Оюндан жеңүүчү аталган команда «Шахин Асмаи»- «Хосилот» беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2017-02-07 10:30:55
Бизде ар дайым ушундай оюнчулар барбай калат жеңилет эртең айтат тиги учоо барганда жеңет элек деп
+1
Kurstan_CR7
2017-02-07 18:34:57
Alixan-Nookat.2015, бирок алары жок деле утуп келишти.
0
KgEka
2017-02-07 10:39:25
0-1 утуп келишсе экен эми.
+2
zheentaev
2017-02-07 16:48:26
KgEka,Жениш каалайбыз Дордойго
0
nurbek11
2017-02-07 12:27:24
Дордойбек сиздерге ийгилик бир кана жениш каалайм.Аллаа Таалам колдоп жениш менен кайтыныздар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан