"Элдик видео" бөлүмүнө "Жанар Дугалова - Ала кетпедиң" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Ardak777).
Өткөн жумада казакстандык ырчы Жанар Дугалова күйөрмандарына "Ала кетпедиӊ" ырынын клибин тартуулады. Анда ырчынын "Апамды издеп" тасмасында роль жараткан Тауекел Мусилим менен көпкө чейин өбүшкөнүн көрүүгө болот. Казак шоу-бизнесинде оор басырыктуу делген ырчы кыздын бул аракети актёр экөөнүн ортосунда сүйүү романы болушу мүмкүн деген ойлорду жаратып, кызуу талкууга алынган.
Кызыгы, ырчынын жүзүнө калыӊ грим коюлуп, кыйынчылык менен тазалангандыктан ыйлап жибергиси келгени да айтылат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.