Казак актёру Тауекел Мусилим: "Кыргыздын мыкты жигиттери менен иштешип, көп нерсени үйрөндүм, өзгөрдүм"

Казак элинин белгилүү актёру, ырчы, модель, алып баруучу Тауекел Мусилим мекендешибиз Руслан Акун режиссёрлук кылган "Апамды издей" ("В поисках мамы") тасмасында башкы каармандын образын жараткан. Тасма 9-февралдан тарта калың элге көрсөтүлөрү пландалууда. Аталган тасма боюнча айрым иштерди бүтүрүү үчүн Бишкек шаарына келген актёр 3-январда SUPER.KG порталына чыгармачылыгы, кантип кыргыз режиссёрлору менен иштешип калганы, жеке жашоосу тууралуу маек курду. Назарыңыздарга актёрдун маегин сунуштайбыз.

- Тауекел, айтсаңыз, Руслан Акундун "Апамды издей" тасмасына кантип тартылып калдыңыз?

- Руслан Акунду кыргыздын таланттуу, №1-режиссёру деп билем. Ал Америкада окуп жүргөн казак студенттерден "Казак элинде азыр ким популярдуу, кайсы казак актёруна суроо-талап көп?" деп сураса, көпчүлүгү мени сунуштаптыр. Ал мага жазында өзүнүн тасмасына тартылууну сунуштап кат жиберген. Ошол учурда Лос-Анжелесте кинопремьерага барып, аны менен көрүшүп калдык. Руслан мага "Тауекел, алгач сага "Сүрөттөрүңдү карап чыктым, бирок тасмадагы каарманга ылайык кейипкерди сенден көрө албадым. Сен шаардык баланын элесин калтырат экенсиң" деп айтайын дегем. Анан Лос-Анжелес шаарында спорттук кийимчен, оозуңду ачып турган сүрөтүңдү көрүп "ушул бала баш каармандыкка жарайт, алам дедим" деп, окуп чыгууга тасманын сценарийин берди.

Сценарийди окуп чыккан соң андан өзүмө окшош каарманды көрдүм. Анда учурдагы жетимдер үйү, андагы балдардын көйгөйлөрү көрсөтүлөт. Тарбиялык мааниси да терең, андыктан дароо жактырып, макулдугумду билдирип жооп жазып жибердим. Анан Русланга "кесибим актёрдук эмес,
инженер-механикмин, бул жаатта окуган да эмесмин, актёрдук жакшы тажрыйбам жок"
деп айттым. Ошентип, Алматыда атайын съёмкага даярдандык. Актёрдук чеберчилик боюнча кыскача курстан өттүм, съёмка алгач Бишкекте, кийин Алматы, Лос-Анжелес шаарларында тартылды.

- Кыргыз режиссёрлору менен иштешүү кандай жыйынтык берди, өзүңүз үчүн эмне ала алдыңыз?

- Абдан жакшы тажрыйба алдым. Жөнөкөй, өз ишинин профессионалдары болгон Нурбек Айбашов, Руслан Акун, Бакыт Осмонканов, Жеңишбек Майрамбек уулу сыяктуу мыкты жигиттер менен иштешип, көп нерсени билдим, үйрөндүм, профессионалдык жактан өсүү болду, өзгөрдүм. Азыр Казакстанда жаңы тасмага тартылып жаткан кезим. Ал жакта "Сенде өсүү байкалды, азамат. Муну менен токтоп калба" деп мактап калышты.

Тасманын продюсери Нурбек байке "Маанай кандай, курсагың токпу?" деп дайыма камкордук көрсөтүп жатты. Руслан да режиссёр катары жол көрсөтүп, "бул жерин мындай кыл, тигиндей ойно" деп жатты. Алардын мындай мамилесин көргөн соң мыкты чыгарма жаратууга болгон аракетимди жумшадым.

Бул менин алгачкы толук метраждуу тасмам, андыктан эл кандай кабыл алат, бир көрүп унутуп калбайбы деп ойлонуп, тынчсызданат экенсиң. Азыр тасманы толук көрө элекмин, бирок үн коштоо учурундагы кадрлар мага абдан жакты. Мынчалык жакшы болот деп ойлогон эмес элем. Режиссёрдун эмгеги, кадрлар, жарык берүү, кыскасы, баары мыкты. 9-февралдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө турган "Апамды издей" тасмасын көрүп кетүүгө чакырам. Тасма баарыңыздарга жагат деп ишенебиз.

- Тасма үчүн ар кандай өзгөрүүлөргө даярсызбы?

- Жогоруда аталган тасмада көрүүчүлөр үчүн күтүлбөгөн жагдайлар көп. Андай өзгөчөлүктөр тууралуу азырынча айта албайм. Ал үчүн тасманы көрүү керек. Ошондон кийин чогуу талкуулайбыз (күлүп).

- Жеке жашооңуз тууралуу сөз кылсак. Сиз жөнүндө "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү, модель Жамиля Ишенбаева менен сүйүү мамилелери бар деген кептер айтылат...

- Жамиля Ишенбаева экөөбүз азыр да байланышып турабыз, абдан мыкты кыз, сыйлайм, урматтайм. Экөөбүз доспуз. Азыр олуттуу мамилелерге убактым жок. Толтура долбоорлордун үстүнөн иштеп жатам. Албетте, дайыма эле жалгыз жүрүүгө болбойт. Азыр 28 жаштамын, буюрса, 2 жылдан кийин үйлөнүү тууралуу пландарым бар. Өзүм эки бир тууганмын. Улуу эжем бар, Алматы шаарында турам.

- Кыргыздын чыгармачыл жигиттери сизге катуу таасир эткенин айттыңыз. Кыргыз кызын сүйүп калсаңыз, кыргызга күйөө бала болууга даярсызбы?

- Абдан ойлоно турган жагдай. Мен үйлөнүп, өзүмө эле аял албайм да. Апама, туугандарыма келин болот. Андыктан ал кишилердин да көз карашын, оюн угуп көрөм. Бул багытта азырынча бир нерсени так айта албайм. Эми сүйүп калсам, албетте, кыргыз элине күйөө бала болуп калышым да мүмкүн.

Руслан Акундун кезектеги каарманы казак актёру Тауекел Мусилим менен маек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dimonbek
2017-01-04 15:16:29
Болбой эле кой садаган кетейин, кыргыздын кызы кыргызга эле буюрсун)))
+10
Defnejim
2017-01-04 15:33:28
Красавчик го.)
+3
s9zen098
2017-01-04 15:55:59
Таланты ашып ташкан актер, үнү кубулжуган ырчы деп да айта албайм. Бирок аябай жылдыздуу, келбеттүү, аракетчил адам.
+4
nazgul90
2017-01-04 16:00:36
Красавчик!!
+5
Medinaa
2017-01-04 16:31:51
Актерго"5"ХХХ ХХХ.
Тауекел жонокой,патриоттугу жагат.Инстаграмда кобунчо казак тилинде жазат.
+4
admin_portal
2017-01-04 16:42:24
Medinaa, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-04 17:06:33
Тиги эмне жармашып алган кыргыз кыздары аман эле болгула да
+3
alibekova94
2017-01-04 17:13:16
Bolunbo.kyrgyz, Типа меники ёууу дегенсипби )))
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан