Мамлекеттик айыптоочу "2 жаштагы баланы катуу сабаган" деп айыпталган жаранды өмүр бою, анын аялын 15 жылга эркинен ажыратууну сурады

Кечээ, 16-февралда Аламүдүн райондук сотунда “катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы баланын окуясы боюнча айыпталгандардын соту болду. Анда жарыш сөздөр айтылып, мамлекеттик айыптоочу жабырлануучунун атасынын агасын өмүр бою, ал эми анын аялын 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки сот отуруму 28-февралда болот.

Айта кетсек, 2015-жылдын 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ал 2 жылга жатак-абагына кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aseras
2017-02-17 17:21:26
Бала азыр жакшыбы?кимдин кароосунда?аты Ибрагим беле?
+3
meni_kut
2017-02-17 17:23:06
Учурда баланын абалы кандай,комадан чыгыппы?бир ооз сурап койбодунарбы????админ жооп кутом.
+3
admin_portal
2017-02-17 17:41:06
meni_kut, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Luna15
2017-02-17 17:49:00
Туптуура чечим
+3
karona
2017-02-17 21:19:23
Жакында эле Ибрагим жонундо эстедим эле, эмне болду экен деп. Чын эле жашоосу эмне болду экен? Ден соолугу кандай болду экен? Ким кантип карап жатты экен?
+2
meni_kut
2017-02-17 23:49:37
бул окуяга уч жыл болду,эмнеге улам жылдырып атат.?Экспертизадан далилденди го куноосу.
0
Guji
2017-02-19 04:01:15
meni_kut,Эки жыл дечи.Мүмкүн акча берип калышабы деп күтүп атышса керекда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан