Борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасына түшкөн 2 жаштагы баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий билдирди.
“Бул 2 жаштагы бала бизге 10-январдан 11-январга караган түнү саат 00:15 чамасында эсин жоготкон абалда түшкөн. Ооруканага баланы туугандары алып келип, ал тепкичтен кулап кеткенин айтышкан. Наристенин абалы оор болчу. Биз баланы медициналык кароодон өткөрүп баштаганыбызда анын көздөрүнүн каректери чоңойгон, экөө эки башка көлөмдө болчу. Бала катуу сокку алганбы, ичинде гематома жокпу деген шек менен аны компьютердик томографиядан өткөргөнүбүздө эч кандай гематома чыккан жок. Ал ооруканага түшкөнгө чейин 2-3 сааттай денесин калтырак басып, анын дем алуусу кыйындаган экен. Ошондон улам баланын баш мээсине аба жетпей кысылып, баш мээнин гипоксиясы болуп калган. Биздин оюбузча, наристе жолдо көпкө жүрүп калган. Бул иш боюнча бүгүн ал соттук-медициналык кароодон өттү. Анын жыйынтыгы чыкмайынча баланын эмне болгондугун так айтыш кыйын”,- дейт А.Кагарлицкий.
Дарыгердин айтымында, азыр баланын абалы оор. Ал дем алуу аппаратынын жардамы менен жашап жатат. Учурда ага керектүү бардык жардамдар берилүүдө.
"Бала жакынкы убакыт аралыгында өзүнө келеби же жокпу, азырынча белгисиз. Негизи, бул диагноздун кесепеттери өтө коркунучтуу. Мындай диагноздон бала өлүп да калышы мүмкүн, өзүнө келип, эс тутумун жоготуп коюшу мүмкүн. Майып да болуп калышы ыктымал. Бирок мындай абалдан чыгып, сакайып кеткен балдар да жок эмес. Азыркы учурда биз жакшы нерседен үмүтүбүздү үзбөй, бардык жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Буюрса, жакшы болуп кетет деп ишенем",- деп кошумчалады дарыгер.