Кыргыз кызынын Москвадагы фитнес-клубда зордукталышы боюнча, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Орусиянын Тергөө башкармалыгына барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Тергөөчү менен жолукканда бул факт тастыкталды. Жабыр тарткан кыз менен кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Шектүү кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди элчилик.
Элчилик тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине бул иш боюнча объективдүү жана кылдат иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен нота жиберилди.
Ошондой эле бул маселе элчиликтин карамагында болорун кошумчалашкан.