Орусиянын Москва шаарындагы фитнес-клубда Кыргыз кызы зордукталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда орусиялык басылмалар жазышты.
Жабырлануучу кыздын айтымында, окуя 15-февраль түнү Пятницкой көчөсүндөгү фитнес-клубда болгон. Ал жакта аны белгисиз адам күч колдонуп зордуктап койгон.
Бул боюнча жабырлануучу милицияга кайрылган. Учурда шектүү кармалып, көрсөтмө берүүдө. Ал эми аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.