Бишкектеги жол кырсыгына себепчи болгон Орусия элчилигинин кызматкери өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-февралда аталган элчиликтен тастыкташты.
Жол кырсыгы 16-февраль күнү Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Анда Орусия элчилигине таандык Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес Бенц Спринтер унаасы сүзүшкөн. Жыйынтыгында Мерседес Бенц Спринтердин айдоочусу 62 жаштагы Евгений Лексин ооруканадан каза тапкан.
Жол кырсыгы болгон учурда элчиликтин унаасынын ичинде "Роснефттин" кызматкери Игорь Рясный да болгон. Кырсыктын күбөлөрү анын рулда отурганын айтышкан. Орусия элчилиги бул маалыматты төгүндөп, рулда Виктор Пухов болгонун баса белгилешүүдө. Айрым маалымат каражаттары алардын өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан. Бирок Орусия элчилигинин өкүлү Дарья Пахомова кечээ, 21-февралда Виктор Пуховдун Бишкекте экенин айткан болчу. Ошондой эле ал Игорь Рясный тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин кошумчалаган.
Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда, катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу "Мерседести" сүзгөн. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши да козголгон.