Орусия элчилиги: "Жол кырсыгына себепчи болгон кызматкер Бишкекте, ал эми унаанын ичиндеги экинчи адамдын кайда экенин билбейбиз"

Жол кырсыгы 16-февраль күнү Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Анда Орусия элчилигине таандык Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес Бенц Спринтер унаасы сүзүшкөн. Жыйынтыгында Мерседес Бенц Спринтердин айдоочусу 62 жаштагы Евгений Лексин ооруканадан каза тапкан.

Жол кырсыгы болгон учурда элчиликтин унаасынын ичинде "Роснефттин" кызматкери Игорь Рясный да болгон. Кырсыктын күбөлөрү анын рулда отурганын айтышкан. Орусия элчилиги бул маалыматты төгүндөп, рулда Виктор Пухов болгонун баса белгилешүүдө. Ал эми өлкөдөгү айрым басылмалар, жол кырсыгына себепчи болгондор өлкөдөн чыгып кеткенин жазышты.

"Элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пуховдун катышуусу менен болгон жол кырсыгына байланыштуу ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Ал Бишкекте, эч кайда качкан жок. Ал эми Игорь Рясныйдын кайда экенин билбейбиз, ал биздин элчиликтин кызматкери эмес", - деди Бишкектеги Орусия элчилигинин өкүлү Дарья Пахомова.

Ошондой эле Пахомова, элчилик маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылганыбызда, өлкөдөн кирип-чыккан жарандар тууралуу маалымат тиешелүү мамлекеттик органдарга гана берилерин билдиришти. Ал эми Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков жабыркагандар үчүнчү күнү эле ооруканадан чыгып кетишкенин айтты.

Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда, катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу "Мерседести" сүзгөн. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши да козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anash
2017-02-21 18:14:06
Buga bizdinda organdar kunolu men korgom avaryani emnege joop tartpait alar chygyp ketti kachan onolot eken bizdin organdar took urdagandardy 5jyl kamap koiup jatat bulardyn kuchu jetkeni ele karaaim kalkta
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан