Кышкы Азия оюндары: Күмүшкө татыган хоккейчилер, тажрыйба топтогон лыжачылар

26-февралда Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндары расмий түрдө жабылды. VIII ирет уюштурулган мелдеште 11 спорт түрүнөн 64 комплект медаль ойнотулду. Кыргыз мамлекетинин атынан жалпы 33 спортчу катышып, алар хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан күчтөрүн сынашты. Спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллион 737 миң сом бөлүнгөн.

Алтын үчүн бир кадам

Кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча мелдеште командаларды 3 дивизионго бөлүшкөн. Жогорку дивизиондо Азия континентинде мыкты делинген Казакстан, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу командалар болсо, калган өлкөлөр 1-2-дивизионго бөлүштүрүлгөн. Эске салсак, 2011-жылы Казакстанда өткөн Азиада оюндарында кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондун жеңүүчүсү аталган эле. Жобо боюнча Кыргыз өлкөсү 1-дивизионго көтөрүлүшү керек болчу, бирок быйылкы оюндарда да кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондо калды.

Кыргыз өлкөсүнүн хоккейчилери өз тайпасында Кувейтти 5:0, Филиппинди 10:5 жана Катарды 7:2 эсебинде жеңип, финалга аттанды. Кийин, 26-февралда финалдык оюнда Түркмөнстан менен кез келди. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө атаандаштар биздин дарбазага 2 шайба киргизгенге жетишкени менен чабуулчуларыбыз Олег Колодий менен Владимир Ничипуренко эсепти теңешти.

Бирок калган бөлүктө түркмөндөр күчтүү болуп, финалдык жыйынтык 7:3 эсебин каттады. Жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери күмүш медалдардын ээси болушту. Бул оюндар Муратбек Жакыповдун шакирттерине алдыга дагы өсүү керектигин, мыкты жана алсыз жактарын көрсөттү.

Тажрыйба топтогон лыжачылар

Лыжа жарышы жана биатлон спорту Кыргыз өлкөсүндө жаңыдан гана бутка туруп келе жатат. Жаш спортчуларыбыз акыркы жылдары гана эл аралык мелдештерге катышып, ири стартка чыгуу кандай экендигин сезип жатышат. Андыктан бул оюндарда Тариэл Жаркымбаев, Кундуз Абдыкадырова, Наталья Левданская жана Нурбек Доолатов үчүн Азиянын алдыңкы өлкөлөрүнүн спортчулары менен тең тайлашып жарышуу татаал болду. Спринт, кубалашып жарышуу жана эстафета жарыштарына түшкөн спортчуларыбыз алдынкы жыйырма спортчунун арасынан ордун табышты.

Евгений Тимофеев алдынкы ондукка кирди

Тоо-лыжа спортунда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев эркектер арасында катышса, кыз-келиндер арасында Ольга Палюткина менен Дариха Мураталиева стартка чыгышты.

Гигант слаломго жалпы 44 спортчу катышып, алардын 30 спортчусу гана финишке чейин келген. “Сочи-2014” Олимпиадасынын катышуучусу Евгений Тимофеев 1-орунду алган япон спортчусунан 6 секунда артта калып, 8-орунда жазылган. Ал эми жаш спортчу Максим Гордеев 16-келди. Ал эми Ольга Полюткина 31 спортчунун арасынан 12-орунга илинсе, Дариха Мураталиева 20-орунда келди. Чындыгында, өлкөбүздөгү кышкы спорттун абалын калган өлкөлөр менен салыштырсак, бул жаман эмес көрсөткүч. Аталган оюндар тоо-лыжа спортун өлкөбүздө өнүктүрүп, эл аралык мелдештерге медалдарга жетсе болорун айгинеледи.

Тарыхка кирген муз үстүндөгү бийчилер

Муз үстүндө бийлөө боюнча катышкан Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары Александра Нестерова менен Лаура Исмагулова кыргыз спортунун тарыхына жазылышты. Анткени бул спортчуларыбыз аталган спортто эл аралык мелдеште кыргыз желегин желбиреткен алгачкы спортчулар. Алар өз бийин татыктуу аткарып, көрсөткүчтөрү лидерлерден бир канча упайга артта калышты. Александра Нестерова 21-орунду алса, Лаура Исмагулова 23-орунда жазылды.

Үй ээлери медалдар боюнча алдыда

Аталган оюндарда үй ээлери медалдар боюнча алдыга эч кимди салдырган жок. Япон спортчулары жалпы 74 медаль жеңип, алардын 27син алтын түздү. Экинчи орунда жалпы 50 медаль жеңишкен Түштүк Корея спортчулары болсо, үчүнчү орунда 12 алтын уткан Кытай болду. Коңшу өлкө Казакстан 32 медаль жеңип, Азия континентинде алдыңкы өлкөлөрдүн катарында экендигин далилдеди.

Бул оюндар Азия өлкөлөрүнүн спортчулары үчүн “Пхенчхан-2018” Кышкы Олимпиадасына даярдык болду. Эмки Кышкы Азия оюндары 2021-жылы Кытайда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан