Бүгүн, 26-февралда Кыргыз хоккейчилери Японияда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында 2-дивизиондун финалында Түркмөнстан менен ойноду. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, оюн түркмөндөрдүн пайдасына 7:3 эсебинде аяктады.
Айта кетсек, Кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондун "В" тайпасында болчу. Өз тайпасында жалпы 3 оюн өткөрүп, жеңүүчү аталган. Финалда "А" тайпасынын жеңүүчүсү Түркмөнстан менен кез келмек.