24-26-февралдарда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Бишкек шаарына башка облустардан көчүп келген айрым ата-энелер үчүн балдарды зордуксуз тарбиялоо ыкмалары, үй-бүлө баалуулуктары, гендердик тең укуктуулук тууралуу окутуулар өттү. Окутуу "Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылы республика боюнча ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка дуушар болгон 67 бала табылган. Алардын ичинен дене бой зомбулукка 45, сексуалдык зомбулукка 17, психикалык зомбулукка 5өө кабылган. Бул фактылар боюнча 33 кылмыш иши козголгон, сотко өткөрүлгөнү 24, соттор карап чыкканы 19, жабылганы 2.
Буга чейин аталган борбор 2014-жылы "Балдарга карата зордук-зомбулукту токтотобуз" долбоорун ашырган. Анын алкагында изилдөөлөр жүргүзүлүп, балдар зордук-зомбулукка биринчи кезекте үй-бүлөдө кабылары аныкталган. Андан соң мектепте, көчөдө ырайымсыз мамилеге кабылары белгилүү болгон. Мындан улам быйыл январь айында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жаңы долбоор башталган. "Балдарды коргоо борборунун" социалдык кызматкери Айнура Эмирканова долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жаңы конуштарында, Ош базарынын айланасында жашаган, долбоорго кирген жаңы конуштагы ата-энелер окутулат.
"Акыркы жылдары зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны көбөйүп жатат. Бул боюнча алдын алуу аракеттерин көрүп, иш-чараларды, окутууларды өткөрүүдөбүз. Бул көйгөйдү терең изилдеп, тамырын жок кылууну туура көрүп үй-бүлө мүчөлөрүн туура багытка салып жатабыз. Ал үчүн алгач ата-энелер менен иштешип баштадык. Ата-энелерге баланы туура тарбиялоо ыкмаларын үйрөтүп, зордукка кабылган балдарды жүрүм-турумунан аныктоону, оор турмушка кабылган үй-бүлөлөр тууралуу тиешелүү органдарга кабарлоону үйрөтүүдөбүз", - деди А.Эмирканова.
Бакытбек Чынгышов окутуулардан кийин балдарды тарбиялоо боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнгөнүн айтат.
"Буга чейин көп эле тренингдерге катышкам. Мунусу өзгөчө экен. Балдарды тарбиялоо боюнча туура багыт алдым. Мындан ары да балдарым үчүн жакшы билим алууга аракетимди улантам. Бул жерде аз тар чөйрөдө окутулуп жатабыз, катарыбыз көбөйсө жакшы болмок", - деди Чынгышов.
Ал эми катышуучу Жолчубек Тойчуев ата эркек балдарды гана эмес, кыздарды да тарбиялай алат экенин түшүнгөнүн билдирди:
"Мен буга чейин балдарым бейбаштык кылып койсо урушуп, уруп да койчумун. Мен туура эле тарбиялайм деп ойлогом. Эми мындан ары сабырдуулук менен мамиле кылып, башкача тарбиялайм. Мен 56 жашка келсем да, көп нерсени билбейт экенмин. Эми көз карашым башка нукка бурулду. Тарбияны өзүмөн баштайм. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо жалгыз гана эненин милдети эмес".
"Мен балдарыма "тигинин баласы мындай, а сен эмнеге андай эмессиң?" деп айта берчүмүн. Көрсө, эч качан балаңды башка бирөө менен салыштырбаш керек экен. "Сага канча жолу айтышым керек?" деп урушуп койчумун, азыр көп нерсени туура эмес кылып жүргөнүмдү билдим. Эми балдарыма башкача мамиле кылам. Эртең менен балдарымды өөп ойготуп, мээримдүү болом. Тил алышпаса да, менин балам да, башкалар мага бала болуп бербейт. Башка ата-энелерге айтарым, балдарга зомбулук көрсөтпөгүлө, балаңар кандай болсо, ошондой кабыл алгыла демекчимин", - дейт Илимбү Карабекова.
Окутуулар аяктаган соң ата-энелер үй-бүлө ынтымагына керектүү тажрыйбага ээ болуп кайтышты.