ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: Атактуу канадалык ырчы Жастин Бибер 23 жашка толду

Белгилүү канадалык ырчы Жастин Бибер 23 жашка толду. Ал 1994-жылы 1-мартта Канаданын Стрэтфорд шаарында төрөлгөн. Эки жашында эле музыкага шыгы ойгонуп, кийин өз алдынча фортепианодо, гитарада ойногонду үйрөнгөн. 12 жашында ырчы Не Йонун "So Sick" ыры менен өзүнүн шаары Стрэтфорддо жергиликтүү сынакка катышып, экинчи орунду алган. Апасы, актриса Патти Маллетт уулунун бул видеосун YouTube сайтына жайгаштырып коёт. Сайттан анын ырын угуп, үнүнө арбалгандар көбөйөт. Бара-бара Жастиндин сайттагы популярдуулугу жогорулайт. Таланттуу аткаруучуларды издеп жүргөн продюсер Скутер Браун капысынан Бибердин видеосун интернеттен көрүп калат. Болочок жылдыздын үнү, татынакай жүзү Браундун көңүлүнө толот. Жастинди Браун мектебине чейин издеп барып, апасына жолугуп, уулун ырчы кылып чыгарууга убада берет. Бул апасынын көптөн күткөн үмүтү болгондуктан, апасы келишимге макулдугун берет. Ошентип 13 жаштагы Жастин апасынан уруксат алып, ыр жаздырып келүү үчүн Атлантага жөнөп кетет. Скутер Браун Жастин менен ырчы Ашердин жолугушуусун Атланта шаарында уюштурат. Ашер Жастиндин күчтүү үнүнө жана талантына таң калган. Жастин Тимберлейк да жаш өспүрүмдүн талантына баа берип, чогуу иштешүү сунушун киргизген. Бирок Тимберлейк жана Ашер менен жолугушуудан кийин Бибер Ашерди тандаган. Жастин үчүн Ашер менен болгон келишим бир топ пайдалуу эле. Ашер Жастинди "Хит ырлардын аралы" ("Island Records") аталган үн жаздыруучу студиясына алып барып, 2008-жылдын октябрь айында биринчи келишимге кол коюлган.
Жастиндин дебюттук "One time" аттуу ыр жыйнагы 2009-жылы жарыкка чыгып, дароо хитке айланган. 30дан ашуун өлкөгө жайылган бул альбому Жастиндин чыгармачылыгына чоң стимул болгон. Жаш ырчынын "My world" аталыштагы альбому 2009-жылдын 17-ноябрында чыгып, дүйнөнүн хит ырларына айланган. 2010-жылдын 23-мартында дебюттук музыкалык видеосу чыгып, көптөгөн өлкөлөрдө 10 мыкты клиптердин хит парадына кирген.

"C.S.I.: Кылмыштын орду" (2010-2011), "Жастин Бибер: Эч убакта эч качан деп айтпа" (2011), "Кэти Перри: Менин бир бөлүгүм" (2013), "Жастин Бибер. Believe" (2013) деген тасмаларга тартылган.

Жеке жашоосу

2010-жылы белгилүү ырчы Селена Гомес менен сүйүү мамилесин кура баштаган. Бирок 2 жылдан кийин экөө андан ары дос катары мамиледе болорун жар салышкан. Ал эми 2015-жылы маалымат каражаттары актриса, фотомодель Кортни Кардашьян менен Жастин Бибердин ортосунда сүйүү романы бар экендигин жазып чыгышкан. Экөө бул тууралуу эч кандай комментарий беришкен эмес. 2015-жылдын аягынан бери Хейли Болдуин аттуу кыз Ж.Бибер менен чогуу жүрүп, анын үй-бүлөсү менен эс алууга чыгып жүргөндүгүн пресса жазган.

1-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан