Синоптиктер тараткан билдирүүгө ылайык, эртең, 14-октябрда Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24
- Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24
- Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29
- Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18
- Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19
- Бишкек шаарында түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+22 градус болот.