2017-жылдын январында социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен 3,1 миллиард сом бөлүндү

2017-жылдын январында социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен 3,1 миллиард сом бөлүндү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 832,9 миллион сомго көбүрөөк. Маалымат каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Анын ичинен социалдык коргоого - 2 миллиард 103,5 миллион сом, билим берүүгө - 529,6 миллион сом, саламаттыкты сактоого - 438,2 миллион сом, эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгымдар - 36,9 миллион сомду түздү. Мындан сырткары турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгашалар өткөн жылдагыга салыштырмалуу 48,2 миллион сомго азайып, 266 миллион сом болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан