Тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеевге Экономикалык кызматташтык уюмунун сыйлыгы ыйгарылды

Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитинин алкагында 1-мартта, ЭКУ номинанттарына сыйлык тапшыруу салтанаты өттү. Алардын бири тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору Анварбек Мокеевге ыйгарылды.

Сыйлык илим-изилдөө иштериндеги аймактык мүнөздөгү экономика, тарых, маданият, адабият жана искусство, илим жана технология, билим берүү, айыл чарбасы жана айлана чөйрө жаатындагы жетишкендиктерге берилет. Ар бир мамлекет ЭКУ катчылыгына жогорудагы ар бир тармак боюнча 5 талапкерди көрсөтө алат.

Анварбек Мокеевге сыйлык илим жана технология тармагындагы илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Эске салсак, Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити Иран, Пакистан, Түркия, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Азербайжан, Ооганстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын катышуусунда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан