Үстүбүздөгү жылдын 13-февралында окурман Өзгөндө 3 ай мурун курулушу бүткөн коомдук даараткана авариялык абалда экенин, адамдарды басып калуу коркунучунда турганын "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу билдирген.
Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Маматбек Тайлаков бул маселе тууралуу төмөндөгүчө жооп берди:
"Бул даараткананы жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири курган. Комиссия түзүп бул маселени талкуулайбыз. Эгерде ажаткана чын эле жарактан чыккан болсо, анда жаңыртабыз".