Аламүдүн базарынын айланасына унаалардын башаламан токтошу боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрия менен патрулдук милиция базардын айланасында рейд жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында айдоочулар арасында токтоого тыюу салынган жерлерге токтоп, жол эрежесин орой бузгандар аныкталган.
"Бишкек шаардык мэриясы Свердлов райондук патрулдук милиция кызматы менен жол тыгындарын жоюу боюнча аракеттерди жүргүзүшкөн. Иш-чаранын алкагында Аламүдүн базарынын айланасы иретке келтирилди. Андан соң рейдке чыккандар Ак-Эмир базарында иш жүргүзүшкөн. Жалпысынан 12 протокол толтурулду", - деп билдирген басма сөз кызматы.