Айыл мугалимдери үчүн "Биринчи мугалим - 2017" сынагы жарыяланды

Кыргыз өлкөсүндөгү айыл мугалимдери үчүн "Биринчи мугалим - 2017" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 3-мартта билдирди.

Бул сынакка айылдарда жана шаарчалардагы билим берүү мекемелериндеги баштапкы класстардын мугалимдери катыша алышат.

"Биринчи орунду алган катышуучу "Биринчи мугалим - 2017" наамына ээ болуп, Ардак диплому менен сыйланат. Башкы байге Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгы - Москвага 10 күндүк маданий-билим берүүчү саякат", - деп жазылат маалыматта.

Сынактын лауреаттары, 1-2-3-орунду алгандар өзүнүн окуучулары менен Бишкекте 1 күндүк маданий-билим берүүчү саякатка ээ болушары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dina1983-19
2017-03-03 11:26:44
Мугалимдердин статусун жогорулатуу керек айлык маянасына 30% 50% эмес 500% кошуу керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан