Бишкекте Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарында Мамлекеттик туунун 25 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Иш-чарага шаар тургундары, мэр Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин өкүлү Канатбек Мүзүралиев, вице-мэрлер, мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлери катышты.

Мэр катышуучуларды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтып өттү.

"Урматтуу шаардыктар! Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарды Мамлекеттик туунун 25 жылдыгы менен куттуктайм! Туубуз герб жана гимндей эле биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси. Ар бир шаар тургунуна ден соолук, ийгилик, тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү каалайм", - деди мэр.

Гимндин жаңыруусунда туунун салтанаттуу түрдө көтөрүлүшү өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан