Президент Алмазбек Атамбаев жакында неберелүү болот

Президент Алмазбек Атамбаев жакында неберелүү болот. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева бүгүн, 3-мартта Facebook`тагы баракчасына: "Эмне үчүн экенин билбейм, бирок акыркы убакыттарга чейин жашоомдогу учур тууралуу айткым келген эмес. Азыр кош бойлуулуктун 39-40-жумасы. Андыктан чыгармачылык эргүү келгендин эӊ жогорку чегинде турам. Таӊкы 9га чейин уктай албайсыӊ, себеби түнү бою сүрөт тартып, толтура кагаздардын арасында идеяларды ойлонуп отурасыӊ", - деп жазып, кош бойлуу сүрөтүн жүктөгөн.

Сөз соӊунда ал "сүрөттүн автору Костя (Шагиеванын күйөөсү), анын көлөкөсүн сол тараптан көрүүгө болот. Сүрөттө жалпы 3 киши, болгону бирөө күйөөмдөн да табышмактуураак" деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 3-сентябрында Алия Шагиева турмушка чыкканын жарыялаган.

Эске салсак, бүгүн ырчы Жийдеш Идирисова да наристе күтүп жатканын айтып, май айында көз жарарын SUPER.KG`ге билдирген.

Ал эми дүйнөлүк ырчылардан Бейонсенин кош бойлуу түшкөн сүрөтү Инстаграмда "жакты" белгисин топтоо боюнча рекорд койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
baltabai
2017-03-03 16:27:03
Oshondo призеднет тайтоо болот экен
+2
mentol
2017-03-03 18:13:16
Бири корейстин, бири орустун санын кобойтот экенда))) Эсен аман тороп алышсын
+6
Nursultankyrgyz
2017-03-03 18:17:14
Улуу урматтуу президент "Орус"неберелуу болот турбайсызбы!!!
+4
izdeim_seni
2017-03-03 18:36:29
Бабанов өкүл таята болот экен да)))
-2
elchi84
2017-03-03 18:50:01
Балык башынан сасыйт башчыбыздын кызы башка улутка тийсе калгандарына куда беретта.
+10
aitiem
2017-03-03 22:26:00
Тооба,ажобуздун кызы кантен,кандай келин ал, боюнда бар жыналач болуп уялбай суротко тушуп,интернете озун жарыя кылат!
+8
ali1995
2017-03-03 22:27:50
Уят биринчи адамдын кызы голый тушсо суротко
+12
Nuura-shirin
2017-03-04 00:41:54
Уйундо кечке ушинтип журсо да элге жарыя кылбай эле койбойбу тооба
+4
surgeon777
2017-03-04 02:03:04
Тою жайдын башында эле болгон,августтун аягында жарыялашкан...жыланач суроту фотомонтаж экени соц.сеттерде талкууланып жатат,кобу бул
каралоо деп жатышат,чын-бышыгын кийин билебиз...
0
ariet.kaary90
2017-03-04 04:54:29
Айланайын оруска тийсе эле чечинип суротко чечинип тушо бербей улутук намысын абиийрин сактабайбы атасын деле уят кылатго, коро албастык эмес жыланач болуп тушконун канча эл канча журт коруп жатат уят сыйыт болушу керек да, атасы призедент болсо, атасы корсо жакшыбы эми ушу суротун тооба кылдым эй.
+9
HanTegin
2017-03-04 08:37:38
Чынында азыр президенттин достон коп душманы бар. Мумкун чын эле фотомонтаждыр. Мага деле жаккан жок жарым жыланач суроту.Бирок кайсы улутка тийет ал озунун иши да.
-4
Aruwka.89
2017-03-04 23:48:19
Жакшынакай еле болуп тушсо болмок ич кийимчен болбой
0
Alixan-Nookat.2015
2017-03-05 08:21:44
Ыйман адеп жана маданият жылында ажобуздун кызы жыланач суротун жарыялаганы кантет тооба кылдым.
+1
admin_portal
2017-03-06 09:36:51
Riokyrgyz, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Эскертүү!
0
admin_portal
2017-03-06 09:39:52
uson.abdullov, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактап, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан