2015-2016-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жакшыртуу багытында 115 китеп жарык көрдү

Улуттук Илимдер академиясында өткөн жылдагы “Тарых жана маданият жылына” карата Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде жана Үркүндүн 100 жылдыгынын алкагында жарык көргөн китептеринин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу 3-мартта мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн жылдык жыйынтыгынын алкагында уюштурулуп, ага Мамлекеттик архивдин директору О.Ахмедов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев, академиктер, тил-адабият, тарых, философия, экономика тармактарынын көрүнүктүү окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери, бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик тилди жакшыртуу жана жайылтуу максатында 2015-2016-жылдары жалпысынан 115 китеп жарык көргөн. Адабият багытында “Манас” энциклопедиясы (2 том), “Эл адабияты” сериясы (20 китеп), “Залкар акындар” сериясы (15 китеп) кайрадан толукталып жарык көргөн. Ошондой эле 40 жылдан бери биринчи жолу “Айтыштар” сериясы (5 том) басылган. “Окурмандардын китеп текчеси” деген сериянын алкагында кыргыз адабиятындагы негизги делген көркөм чыгармалары 20 том көлөмүндө жарыяланды. Аталган сериялар кийинки жылы да улантылат.

Улуттук программанын алкагында Алтай, Түштүк Сибирь, Монголия жана республикабыздын дээрлик бардык аймактарына фольклордук-диалектологиялык экспедициялар уюштурулуп, материалдар жыйналды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан