"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү эл аралык конвенциядагы талаптарга жооп берет"

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү Эл аралык конвенциядагы талаптарга жооп берерин Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

Эскерте кетсек, окурман Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү жаратылбай жатканын кабарлаган.

"Элдик кабар" рубрикасындагы көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүк 2016-жылы 27-декабрда берилип, мөөнөтү 2026-жылга чейин көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк 2015-жылдын июнь айынан тартып бериле баштаган жана бул айдоочулук күбөлүк "Жол кыймылы жөнүндөгү" эл аралык конвенцияда көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
muhsina
2017-03-03 23:34:34
2012- жылы алган айдоочулук күбөлүгүмдө жарамдуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес, берилген датасы эле көрсөтүлгөн, аны колдонгонго болбойбу ошондо?
0
Biyke4
2017-03-04 04:17:09
Супер жооп алып бергилечи 2015 жылдын июнь айыга чейин алынган правалар орусияга жарабайбы ошондо?
0
imanchik
2017-03-04 11:13:44
Жарамдуулук мооноту болушу керек обязательно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан