ЭЛДИК КАБАР: Кантта унаа майын алмаштыруучу жайдан өрт чыкты

Кант шаарында жайгашкан унаа тетиктерин саткан жана май алмаштыруучу жайда бүгүн, 5-мартта саат 15:30 чамасында ири өрт чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Өрт чыккан жай анын ээсинин короосунда жайгашкан. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү бир гана унаа келип суусу түгөнүп, жетишпей жатты. Жабыркагандар тууралуу маалыматым жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2017-03-06 00:33:15
Эч.Ким жаракат албапы куда сактасынчы
+1
baltabai
2017-03-06 00:34:43
Суу тугонсо кантип очурду орту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан