Бишкектеги "Сейтек" балдар борборунда бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө (фоторепортаж)

Бишкекте жайгашкан "Сейтек" балдар борборунда "Гүлдүү калейдоскоп" аталышындагы бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Анын уюштуруучусу Анна Печерееванын айтымында, көргөзмөнү уюштуруунун максаты - шаар тургундарын гүлдөрдүн керемет дүйнөсүнө тартып, конокторго бөлмө гүлдөрүн өстүрүү боюнча кеп-кеңештерди берүү.

"Бул жерде гүлдүн бир нече түрлөрү коюлган. Мисалы, фиалканын эле 150 сортун көрүүгө болот. Андан тышкары декоративдүү-жалбырактуу өсүмдүктөрдү жана орхидея, примула, антуриум сыяктуу кооз гүлдөгөн гүлдөрдү сатып алууга мүмкүн. Көргөзмөгө Бишкектен тышкары шаар четиндеги аймактардан алынып келинген гүлдөр коюлган", - дейт А.Печереева.

Белгилей кетсек, мындай көргөзмө Аялдардын эл аралык майрамына карата ушуну менен 4-ирет өткөрүлүп, 8-мартка чейин уланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан