Казак актёру, продюсер Арман Асенов рок-музыкант Виктор Цойдун эстелигин Алматы шаарына коюу сунушун расмий баракчасына жазып чыккан.
"Менин тапшырыгым боюнча белорустук белгилүү скульптор Илья Кирьянов Цойдун кичинекей скульптурасын жасады. Мен аны Алматыга орнотууну көздөп жатам. Бул анын жалгыз тулку бойлуу эстелиги болмокчу. Скульптура "Ийне" аттуу тасмадагы акыркы кадрынан алынган образы боюнча жасалган. Башкы каарман кармап турган от тутанткыч өчпөс от катары күйүп турат, андан башка музыканттар тамекисин күйгүзүп, ырчынын ырларын ырдап турушат", - деген продюсер.
Асенов учурда эстеликти орнотуу үчүн ылайыктуу жер издеп жатканын кошумчалап, колдонуучулардан да кеңеш сураган.
Советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой Ленинград шаарында туулган. "Ийне" кинотасмасы Алматы шаарында тартылган. Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда автокырсыктан каза тапкан.
Белгилей кетсек, Кыргыз жергесинде да анын күйөрмандары азыркыга чейин көп болуп, Ош шаарынан чыккан Асхат Калбаев "Виктор" тобун жетектеп келет.