Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 6-мартта коомдук жана маданий ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Жүздөн ашык адамга сыйлык берилди. II жана III даражадагы "Манас" ордендери, "Данакер" жана "Даӊк" медалдары, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Эл артисти, Эмгек сиӊирген артисти наамдары ээлерин тапты.