Ош шаарында быйыл маданият, спорт жана түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө дээрлик 28 миллион сом жумшалат

Ош шаарынын бюджети бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин депутаттары сессия өткөрүп, анда каржы маселеси кеңири талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык- экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берилди.

"2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 834 914 сом өлчөмүндө аныкталды. Жыл ичинде маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө 27 миллион 659,8 миң сом жумшалмакчы. Ал эми билим берүү тармагына 2017-жылга 316 926 сом өлчөмүндө акча каражаты каралууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан