Авиакырсык орун алган Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 4 небересин жалгыз багып жаткан пенсионер Мария Атабаеванын неберелерине Социалдык камсыздоо департаменти туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берет. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта SUPER.KG порталына департаменттин адистери билдиришти.
"Неберелерин жалгыз багып жаткан эне жөнүндө маалымат SUPER.KG маалымат порталына жарыялангандан кийин жеке ишкерлерден жардам берем дегендер бизге кайрылышууда. Атабаевага бүгүнкү күндө 20 миң сомдон ашуун акчалай жана кийим кечеден жардам көрсөтүлдү", - деп билдирди Социалдык камсыздоо департаментинин жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы.
Маалыматка ылайык, учурда 4 өспүрүм баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана башка документтери Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан даярдалууда. Жакынкы убакта балдардын документтери тапшырылат.
Эске салсак, буга чейин департамент Атабаевага жардам бере албастыгын, ошол эле учурда райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуштаарын айткан. Маалым болгондой Мария Атабаеванын жашоо шарты оор болуп, коомчулукка жардам сурап кайрылган.