Өлкөдө кенен кучак жайган коррупциянын кесепетин көрсөткөн социалдык ролик тартылды

Жөнөкөй, карапайым адамдын турмушу аркылуу өлкөнүн бардык тармагына кенен кучак жайган коррупциянын кесепетин көрсөткөн социалдык ролик тартылды. Ролик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан тартылган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге видеонун автору Эмир Зулпуев билдирди.

Анын айтымында, тартуу иштери 2016-жылдын декабрь айында Бишкектеги "Дордой" базарында жүргүзүлгөн.

"Видеодо жөнөкөй, карапайым адамдын турмушу аркылуу өлкөнүн бардык тармагына кенен кучак жайып кирген коррупциянын кесепетин көрсөтүүнү максат кылдым. Жетекчилик кызматтагылар акыйкаттыкты, адамгерчиликти бийик тутушу керек эле, бирок бизде тескерисинче, жарыбаган акча үчүн андай баалуулуктар унутта калып жатат. Видеодо ошол көрүнүштөр чагылдырылат. Аныктама кагазын алуу үчүн барган жөнөкөй жарандын бардык акчасын чиновник алып коёт. Анын кесепетинен тургун өз кызынын ырыскысынан кол жууп, толук камсыздоого чамасы келбей калат", - дейт Э.Зулпуев.

Учурда роликти көргөндөрдүн саны 9 миңден ашкан.

Белгилей кетсек, анда базарда иштеген адамдын ролун Кыргыз улуттук драма театрынын актёру Абдыкалык Акматов, чиновниктин образын Нурлан Наматов жараткан. Ал эми небере кыздын ролунда Юстиция министри Уран Ахметовдун кызы Эрико Ахметова тартылган.

Коррупция бардык баалуулуктардан ажыратат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан