Бишкекти жашылдандырууга даярдыктар көрүлүүдө

"Жашылдандыруу" ишканасы борбор калаага гүлдөрдү отургузуу боюнча даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу 6-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда мэр Албек Ибраимов №1-оренжереялык чарба күнөсканасынын абалы менен таанышты. Жолугушууда Илимдер академиясынын вице-президенти Биймырза Токторалиев шаардагы бак-дарактарга зыян келтирген мителер менен күрөшүү ыкмалары жөнүндө айтты. Зыянкечтер менен күрөшүү үчүн 12 миллион сомдой каражат керек, анын 8 миллион сому ийне сайганга жумшалат. Азыркы тапта ишкананын бюджетин оптимизациялоо иштери жүрүүдө. Бишкектеги 4 күнөсканада бир жылдык гүлдөрдүн 20 түрү отургузулду. Жалпы 1,5 миллион гүлдүн уругу себилди. Архитекторлор гүлдөрдү отургузуу үчүн клумбалардын эскизин даярдап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан