"Элдик видео" бөлүмүнө "Алматы шаарында енот бирөөнүн үйүнө кирип, идиштерин жууп кеткен" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Маалыматтарга караганда, Алматы шаарындагы үй ээлери ашканасына толтура жуулбаган идиштерди калтырып кетип калышкан. Үйдүн кожойкеси кайтып келип, кызык учурга туш болгон. Себеби анын ашканасында енот идиштерди жууп жаткан эле. Бул күлкүлүү көрүнүш интернетке жүктөлүп, көпчүлүккө жылмаюу жараткан.
Интернет колдонуучулар "ашкана кайда экенин билген соӊ, демек, ал үй жаныбары. Ошондой эле биринчи жолу үй жумуштарына жардам берип жаткан жок. Ал жашаган үйдө идиштер үйүлүп турбайт, ошон үчүн да чыдай албай аларды жууп кирди" деп тамашалашкан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.