Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телекомдун" баасын 13,5 миллиард сомго баалап, кайрадан аукционго койду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" (Мегаком) ЖАКын 13 миллиард 500 миллион сомго кайрадан сатыкка койду. Бул тууралуу 7-марттагы маалымат жыйынында фонддун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, 3-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясынын баасы бекитилип, аукционго коюлган. Аукцион ушул жылдын 3-июнунда өтөт.

"Компаниянын 100 пайыздык үлүшү 19,7 миллиард сомго бааланганда сатып алуу боюнча билдирүүлөр түшкөн жок. Мындан улам аукцион өтпөй калды. Андан кийин баа 25 пайызга төмөндөтүлүп, 14 миллиард 255 миллион сом болду. Анда дагы аукцион өтпөй калды. Мүлктү мамлекетке кайтаруу программасынын алкагында Жогорку Кеңеш токтом чыгарган. Комиссия түзүлүп, баа 13,5 миллиард сомго өзгөртүлдү. 3-мартта расмий түрдө башталды. Аукционго кызыккандардын саны өсүп жатат",- дейт Казаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
evra_kg
2017-03-07 12:27:39
Кыргызстанды сатсада карап олтура беребиз кайра албайбы биронун чолтогуно тушота
0
stimyl.kg
2017-03-07 12:41:51
Арзандатып атайын бироого даярлап жатышатго. Акыры сатып жандары тынмай болушту. Бир эле ушу калдыле сатылбаган. Бироого атайын базар баасын томондотуп туруп дайярлап берип жатышат.
0
Erlan_95
2017-03-07 12:52:14
Ошону саткандан кору мамлекет иштетсе баарыбыз мега комго отот элекбизго бир сом болсода мамлектеке тушот ал милярд сомду 2.3жылда актап коет
0
Jigit80
2017-03-07 13:13:33
Олкодогу салыкты эн коп тологон компания болсо керек эле,ушунуда сатып тынат экен да.
0
Uson13
2017-03-07 18:32:13
1 долларга сатып жибергиле
0
tyrgon
2017-03-07 19:18:28
биздин окмотто кем акылдар деп орусиялык бир жараан айтса жиним келдиле эми ал жиним биздин окмотко келип жатат
0
zilish_kg
2017-03-07 21:43:11
Ушинтип ар бир компанияларды сата берсек жакынкы жылдарда озубуздун эле жерде озубузду башка бироолор каалагандай башкарып калат... газ кетти... мегаком кетсе... дагы эмнелер калды аэропорт темир жол и т д... онукпой эле артка карай кетип жатабыз го(((
0
nur_zhoni
2017-03-07 21:56:38
Аша сатып жатат же озуно откоруп жатат ХХХ камады ХХХ чукулап турчу эле
+1
nur_zhoni
2017-03-07 21:58:41
Президентке кантип кайрылуу жасаза болот мен сурамак элем эмне учун сатып албай кайра сатасынар деп кайсы ХХХ пайда алып келген нерсесин сатат бул жерде жеке иштери бар окшойт ашанын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан