Ысык-Көл облусундагы Ананьеводо ымыркайын төрөтө албай, башы чыккан бойдон Чолпон-Атага жөнөткөн акушерлерге катуу чара көрүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда акушерлерге катуу чара көрүү сунушу кароого жиберилди. Сунушту министрликтин бардык бөлүмдөрү, юристтер карап чыгышат. Ал эми окуянын бардык катышуучуларынан көрсөтмө, түшүнүк каттар алынды. Эми оорукананын жетекчилеринен түшүнүк кат күтүп жатабыз", - деди Асылбашева.
Жыйынтыгы жакынкы күндөрү белгилүү болот. Раиса Асылбашева кандай чара көрүлөрүн азырынча айтылбашы керектигин кошумчалады.