Болсунбек Казаков: "Мегаком" бул жолу сатылат деген үмүттөбүз"

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков "Мегаком" бул жолу да сатылбай калса эмне болот?" - деген суроого жооп айта алган жок. Бул тууралуу ал 7-мартта Бишкекте маалымат жыйынында билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган компания 2 ирет сатыкка коюлуп, бирок сатып алуучулар чыккан эмес. Бул жолу баштапкы баа төмөндөтүлдү. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Бул ирет 13 миллиард 500 миллион сом деп белгиленди. "Мегаком" бул жолу сатылат деген үмүттөбүз", - деген кыска жооп узатты.

"Мегакомду" сатып алууга кардарлардын чыкпай жатышы - маселенин саясатташып кетишине байланыштуу деп бүтүм чыгаруу туура эместигин айтат. "Кыйыр түрдө караганда, ооба, маселенин саясатташып кетүүсүнүн кайсы бир деӊгээлде таасири тийүүдө десе болот. Бирок башкысы - ишкерлер эсепти жакшы билишет. Белгилүү болгондой бир эле "Мегакомдун" эмес, башка уюлдук компанияларынын аудио кызматтарынын баасы түшүүдө. Ушундай жагдайлар себеп болуп жатышы мүмкүн", - деди Казаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Mers124
2017-03-07 14:39:26
Бакиевдин убагында 10 процент налогу эле бюджеттин үчтөн бирин жабат деп калышчу эле. Азыр 100 процент мамлекеттики, 100 процент киреше
+3
dina1983-19
2017-03-07 14:43:34
Саткыла
+1
Aytur
2017-03-07 14:59:56
Ошондон коро озунорду сатсанар болмок
+5
Ali-91
2017-03-07 15:37:56
Эң көп салык төккөн мамишкананы эмнеге сатасыңар???
Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн сатыкка коюлуп,улам баасы төмөндөтүлүп жатат.Ушинтип отуруп арзыбаган акчага сатылып,менчиктештирилип кетет.Ыйман,ынсап тилейм башчыларга,элди,өлкөнү ойлогулачы!!!
+2
Kanzada97
2017-03-07 16:17:24
Ылайым сатылбай калсын Мегаком.! Иштери оңунан чыкпасын!
+5
BarsBaatyr
2017-03-07 16:37:20
Колтугуңардагы жүнгө да кардар табылып калаар.Аныңарды дагы сатыка койгула.Үмүт кылат имиш дагы...Эл эмгегин бүкүлү жутканыңар үчүн Кудайдын ырайымына үмүт кылгыла.
0
ulukbek.kg
2017-03-07 16:42:19
С.Жапаров айткандай, алтын жумуртка тууп жаткан тоокту, сатабыз деп жатышкан турбайбы!((
+4
almazbei
2017-03-07 16:58:32
Бир биринерди деле сата баштадынарго ?!
+1
Nur1k
2017-03-07 17:26:45
Умуттонобуз дешетго чиркин. Сатканды эле жакшы корушот экен булар
+3
Ulan2601
2017-03-07 19:56:06
Жакында Кыргызстанды да сатат ко булар туштугунду озбектерге тундугунду Казактарга
+3
kenjebek_a
2017-03-07 20:03:08
Бул бийлик бир нерсени коргону калды.Элге эмес оздорунун башына корунсун.
+1
suymon
2017-03-07 20:41:41
Текебаев камалды баары сатылатко еми
0
meni_kut
2017-03-07 21:12:18
suymon,ага чейин деле сатылып келген
0
nur_zhoni
2017-03-07 21:53:50
Аша кеткенче сатып бутотда мееси иштебейт ушулардын. эмнеге сатат ошону толук жазып койгулачы
Кумторду дагы саткыла тезирек кетсе экен ушул аша баарын сатып бутту . 2010жылы свет которулду деп кууду эле Бакиевди а бул болсо баарын жеп бутту ошондо митингке чыкандар азыр неге чыгышбайт
Кыргызстан тарыхындагы эн начар жеп жуткуч жалганчы президент мен учун
0
kenjebek_a
2017-03-07 22:19:07
Озунорду да саткыла деп айтыпсынар.Мындай элдин жетим жесирдин ырыскысын жеген бийликти ким алат.Дагы оздорун элита дегендерине олгун келет.Бул бийликтеги чон курсактарды башка элдин элитасы сатып алмак турсун,денесинен чыккан отхотуна тенебейт.
0
Arlenchik
2017-03-09 23:32:00
Бул жолу сатылат деп умуттонобуз деп койгонучу,сатып алып эмне кылышат ылайымле сатылбай калсын, мамлекеттин байлыгын сатканча озунор сатылып жоголгула жегичтер! баарын сатып бутмой болдунар го(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан