8-Март - Аялдардын Эл аралык күнү. Баштапкы идеяга ылайык, бул күн аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгиленет. 1975-жылы 8-Марттын эл аралык статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделген. БУУ жыл сайын майрамда аялзатына тиешелүү маселени көтөрүп чыгат. Быйылкы жылдын 8-Марты "Аялдар жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр: планетадагы 50-50" деген аталыш менен бекитилди. Жер жүзү боюнча эмгек рыногундагы абал өзгөрүп турат. Ааламдашуу процесси, жаңы технологиялар жаатындагы революциялык өзгөрүүлөр бардык адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү ачат. Кыргыз аялдарынын дүйнөлүк тенденцияга жараша, салтты, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо менен эмгек рыногундагы орду тууралуу ар кайсы тармакта иштеген кыргыз айымдары пикир кошушту.

Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын форумун жетектеген
Эльвира Сурабалдиева эмгек рыногундагы айымдардын саны көбөйгөнүн белгилейт.
"Учурда ишкерчиликте да, жетекчилик кызматтарда дагы айымдардын саны көбөйдү. Айымдарыбыз бардык жумушту алып кете алышат эмеспи. Мурункуга салыштырмалуу теңдикке келдик. Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанга караганда биздин аялдарыбыз тарыхыбызда деле эркин жүрүшчү. Мурун аялдар, жадакалса шайлоого катышчу эмес. Азыр ишкердикке, саясатка аралашып жатышат. Жакында эле КСДП партиясында өлкө аймагындагы кадр маселесин карадык. Ачык сынак жарыяланса, билимдүүлүк, тажрыйбалуулук менен 40 пайыз айымдар өтүп, бирок жетекчилик кызматка чейин өстүрбөйт экен. Эмнегедир жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо талапкерлердин арасында аялдардын саны азайды. Мамлекеттик деңгээл болгондон кийин депутаттар тарабынанбы, өкмөт тарабынанбы колдоо көрсөтүлүшү керек. Биз аялдарга берилген квота аткарылсын, мандатын тапшырган депутат айымдын ордуна дагы айым келсин деп сунуштап жатабыз. Ошондо гендерлик саясат жактан туура болот", - деди депутат.

8-Март дегенде биринчи көз алдыма белектер тартылат деген
Айгүл Мурзахалилова чакан тигүү цехин иштетет. Ал ишкерликке киришип жатканда жумушта түнгө чейин калып, үй-бүлөсүнө убакыт жок болуп калганын айтат.
"Цехтин иши жоопкерчиликтүү, буюртманы убагында бүтүрүү үчүн түнгө чейин калып калган учурлар болчу, үйдө балдар каралбай, тамак жасалбай калар эле. Мурда 30 адам менен иштесем, азыр 10го жетпейт, бирок балдарым жанымда, тамак даяр, жаным тынч. Иштеген аялдар кээ бир учурда үй-бүлө же иш деген тандоого дуушар болушат. Бирок биз аялдар күчтүү эмеспизби үй-бүлө менен жумушту чогуу алып кеткенге аракет кылабыз. Албетте, бул көп кыйынчылыкты жаратат. Иштебей отура берсе аял киши чүнчүп, деградацияга учурайт. Өзүн өзү өнүктүрүп, элге аралашса балдарга тарбияны да татыктуу берет деп ойлойм", - дейт Айгүл Мурзахалилова.

Учурда эркек киши жасаган жумушту тең тайлаша жасаган айымдардын саны арбын. Мамлекеттик чек ара кызматынын оорук бөлүмчөсүнүн жооптуу аткаруучусу
Нурайым Сартикова 12 жылдан бери күч түзүмдөрүндө иштеп келгени буга далил боло алат. Ал иши жоопкерчиликтүүлүктү, чыдамкайлыкты талап кыларын айтат.
"Чек ара кызматында эсепчи болуп иштөө үчүн 2005-жылы өз каалоом менен келгем. Мурун аскер кызматкерлеринин формасына суктанчумун, азыр ишимди жакшы көрөм. Эркектер менен катар эле иштейбиз, эртең мененки 8де тизилүү болот, желек көтөрүлөт. Апталык пландар айтылат. Күжүрмөн даярдыкты текшерүү үчүн чукул чакыруулар болот. Жоокерлер менен сүйлөшөбүз, ашканага бир суткага нөөмөткө турабыз. Азык-түлүккө, жоокерлердин тамактануусуна жоопкер болобуз. Жумуштан кийин кадимки айымдардай эле үй оокаттарын кылып, тамак жасап, балдарымды тарбиялайм. Эки балам бар, алар түшүнүү менен кабыл алышат", - деди.

Мамлекеттик Каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адиси
Салтанат Дүйшеева учурдагы өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жараша үй-бүлөдө аялы да күйөөсү менен бирдей иштеши керек деп эсептейт.
"20-30 жыл мурун көбүнчө эркектер иштечү. Азыр иштеген айымдардын саны көбөйдү. Аялдар үйдө отуруш керек деген азыркы заманга туура келбейт, себеби айрым эркектердин жалгыз иштегени өзүнүн чыгымдарына да жетпейт. Үй-бүлөдө эркек иштесе анда бир гана акча табыш керек деген ой болот. Ал эми аял киши иштеген учурда да бардык жагына жетише алат. Иштебеген адам башка адамга көз каранды десек болот", - дейт.

Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти
Малика Сабирова бүгүнкү күндө аялдардын укуктары эркектердин укуктары менен теңелгенин айтат.
"Бул күн апаларыбызга, чоң энелерибизге жакшы сөздөрдү айтып, гүлдесте берип сүйүнтө турган күндөрдүн бири. Майрамда сүйүктүү адамдын белек берүүдөгү фантазиясын көрө алган өзгөчө учур. Экинчиден, жаздын, жаз майрамдарынын башаты болуп саналат. Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөгө келсек, менимче, салыштырмалуу аялдар менен эркектердин укуктары тең болуп калды. Аялдар унаа айдашат, курулуш ишканаларында иштешет. Кээ бир тыюу салууларды эске албаганда. Мисалы, кыздарды аскерге кызмат өтөөгө албайт, төрөгөн баласынын фамилиясына эненин аты жазылбайт (күлүп). Окумуштуу айымдардын саны аз, космонавт айымдар бизде жокко эсе", - деди.
Кыргыз коомчулугунда аялзатына карата укук бузуулар жок деп айтуу кыйын. Кыздардын орто билимди алуусу, өз каалоосу менен турмушка чыгуусу, ала качууларды токтотуу, аялдарды басмырлоону жок кылуу боюнча бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик органдар иш алып барышары маалым. Бул маселелер менен катар БУУнун 2030-жылга чейинки планына аялдарга карата зомбулукту токтотуу, сексуалдык кулчулук, адам сатуу, жаш кыздарды мажбурлап күйөөгө берүү көйгөйлөрү киргизилген.