СУПЕРСТАН: "Бардар үй-бүлөнүн баласынан качып, жөнөкөй жигитке турмушка чыккам. Эми 12 жылдан бери батирлеп жүрөбүз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар бай жигиттерге турмушка чыккысы келет, анда чөнтөгү жукалар эмне болот?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Калп эле үйлөнгүчө бай көрүнгөнгө аракет кылыш керек да, анан үйлөнүп алган соң төбөсүнө эки коюп жашай бересиң".

"Албетте, аялзаты эркектерге караганда акчага көбүрөөк кызыгат. Эптесең чөнтөгүңдү калыңдатып алып кыздарды чертип тандап ала бере турган заман".

"Кечирип койгула, кыздардын тилин таап, жүрөгүн багынтыш капчыкта эмес, тилиң менен жүрөгүңдө. Жигиттер, эч качан "бул кыз мени карабайт, бул мени тоготпойт" деп ойлобогула. Балким, ошол сенин оюңду сен суктанган кыз да сени карап "бул мени карамак беле" деп ойлоп жаткандыр".

"Көпчүлүк бай жигитке турмушка чыксам кыйналбай жашайм деп ойлойт. Кептин баары адамдык сапатта, арам-адалды ылгагандыкта эмеспи".

"Мээси иштебесе чөнтөгү жука болот да. Акылдуу болсо акча табууну да билет".

"Кыздар байлыкка укмуш эле карашат. Мурдагы жумушум университеттин жанында эле. Лексус 570 маркасындагы унаа менен келип токтосоң кыздар көз кысышып, чурулдап калышар эле. Лексус күрөөдө экени менен иштери жок. "Оо, красавчик байке экен", "молодой человек" дешип".

"Кеп байлыкта эмес, ошол кызга кылган мамиледе, сый-урмат жана түшүнө билүүдө. Бай болуп туруп керсейип, кемсинтип сүйлөп турса, кыз деле тандабайт болуш керек, "кечтим байдын уулунан" деп".

"Атасы акча таап, атасы баккан эркекке эмес, аракетчил, өсө турган эркекке турмушка чыгыш керек. Бир күн келип байлыкка да, бийликке да жетет".

"Байлыгыңа байпагым, чоңдугуңа чокоюм" деп колумду сурап келген бардар үй-бүлөнүн баласынан качып, жакшы окуган, ыймандуу жигитке турмушка чыккам. Эми жүрөбүз, 12 жылдан бери батирлеп коюп. Эки кыз, эки уулубуз бар. Мындай кылалы, тигиндей кылалы десем "шашпа, баары болот, балдарды окутуп, тарбиялай берели" деп коюп жүрөт. Балдары да атасын тартса, үй-жайы жок өтүп кетебизби?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almazik95kg
2017-03-07 16:47:37
Адамгерчилиги жок бекерчилер шугур кылып жашагыла туугандар
+2
arzygulR
2017-03-07 17:49:54
Кыздар акчага кызыгат деп акчасы жок эркектер айтат деген соз бар эле
+4
kyrgyz-patriotu
2017-03-07 18:01:40
Туугандар байлык бийлик бул дүйнөнүн азгырыгы. Эң негизгиси күн сайын адам бойдон калуу деп айткан сөзү бар эле улуу чыгаан атабыз Чынгыз Айтматов. Ар ким өз шартына карап жашагыла деп айтмакчымын. Жаратканыбыз берерин унутпасын.
+2
nurzada78
2017-03-07 18:52:30
Байдын койнунда калтырап жашагыча,кедейдин койнунда кутуруп жат!
+5
Ali-91
2017-03-07 23:28:28
Кыздар суктангыдай укмуш байлыкты 25теги жигит жыйнай албайт да,ал атасынын байлыгы,эмгеги.Ал эми жигиттин кандай жигит экени өз алдынча жашоодо билинет.
+4
arap00
2017-03-08 03:56:54
Балдарыбыз да атасын тартса дейби ? Ушуга окшогон наалыма шугур дебеген адамдарды корсом ото жиним келет....Кептин баары озундо элего дейм...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан