Бүгүн, 7-мартта С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында 8-Март - аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы Баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.
Шаар мэри бардык айымдарды куттуктап, аялзаты үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.
"Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен, бүт Кыргыз асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды бул маанилүү майрамы менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат", - деди А.Кадырбаев.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө энелерге 1000ге жакын элечектерди, кыз-келиндерге такыяларды белек кылышты. Ошондой эле чет өлкөлөрдө мамлекеттин, шаардын намысын коргогон мыкты спортчулардын, студенттердин, окуучулардын жана шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсандардын апаларына “Үлгүлүү эне” наамдары ыйгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылары жана чыгармачыл инсандар концерттик программа тартуулашты.