Үстүбүздөгү жылдын 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине Үсөн Бекболотов кайрылып, 1990-жылы туулган баласы Уларбек Бекболотовду издөө жана кулчулуктан бошотуу үчүн жардам сураган. Элчиликтин кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүп, жыйынтыгында Уларбек Бекболотовдун "Карачай-Черкес республикасындагы айылдардын биринде Расул Бижиевдин талаасында иштеп жүрөт" деген оперативдүү маалымат алышкан.
"Уларбек Бекболотов ал жактан өз эрки менен белгисиз тарапка кетип калган. Анын жүргөн жерин тактоо үчүн Карачай-Черкес республикасынын ички иштер министрине кат жөнөтүлүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү иштер жүргөн. Анын негизинде Кыргыз жаранынын жүргөн жери такталып, Черкесск шаарынан Москва шаарына автобус менен жолго чыккан. 3-март күнү Уларбек Бекболотов тууганы Жамиля Каиповага өткөрүлүп берилген. Ал эми 6-март күнү Ош шаарына учак менен учуп кеткен", - деп айтылат Орусиядагы элчиликтин маалыматында.