Жашы жете элек кызы менен Москвадагы аэропортто жашап жаткан Кыргыз жаранына жардам көрсөтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда 3 айдан бери 16 жаштагы кызы менен жашап келген 51 жаштагы Кыргыз жараны А.Г. менен жолукту. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 51 жаштагы А.Г. Ош шаарында Далер аттуу адам аны алдап, ичинде 132 миң рубль бар болгон "Сбербанк Россия" банктык картасын уурдап кеткенин айткан. 2016-жылдын 26-августунда Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылган. Бирок жыйынтык болбогон соң банктык картасын алып кеткен жаранды өз алдынча издөө үчүн Москвага келген.

"Жабырлануучу 2016-жылдын 6-сентябрында Москва шаарынын райондор аралык Кунцевский прокуратурасына кайрылган. Элчилик тарабынан ага тиешелүү кеңештер берилип, туугандары менен байланыштырылган. Жакынкы күндөрү анын туугандары жардам көрсөтүү үчүн элчиликке келишет", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
juma11anara
2017-03-07 17:35:01
Урматтуу Супер-инфо жамааты по эже кылмышкер эмес го. Аты-жонун толук жазсанар болбойбу. Башка сайттар баардык маалымат толку жазышат.
+13
nurbek11
2017-03-07 18:54:22
Элчилик азаматсынар 3 ай дегенде Шереметево аэропортун таап барыпсыздар. Оздору эле элчилике келишкенде дароо эле полиция чакырып карматып салат эленер а.
+15
ady-88
2017-03-07 19:29:55
Бул эженин кызы тажик менен журуп кетип анан ошол сбербанк картаны кызы тажик жигитине берип койот коду менен. Мына тажиктер менен кобуроок журсонор жыргайсынар кыздар
+11
meni_kut
2017-03-07 20:13:20
ady-88,17 жашар жаш кыз экен алданыптыр.Москвада 25-26 жаштагы бир турмуш коргон келиндер алданып калып атышат.Ажырашкам деп убактылуу "уйлонуп", анан семьясын тандап кетип калган жигиттерге.Тообо дейсин жаканды кармап.
-1
Nazikbaigazy
2017-03-07 20:21:09
Аеропорт Домодедовада коп жылдан бери иштеймина,бир кыргыз Эже да кызы менен бир жылдай жашап жургон азыр корунбой калды, азыркы убакта кыргыз байке коптон бери журот, кафеде иштеймин чай кпиток сурап келет куюп берем.
+4
lady.girl7997
2017-03-07 20:30:39
Картаны заблокировать этиш оюна келбепби
+4
munar91
2017-03-08 00:07:27
ООО элчилик тоодой жардам корсотуптур...рахмат,аябай иштеп атышыптыр...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан