"Элдик видео" бөлүмүнө "Жубайынын баркын билген күйөө" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Brutality).
Видеодо Бобби Уэссон аттуу интернет колдонуучунун аялы тууралуу жазганы көрсөтүлөт. Анда аялы эртеӊ менен ойгонуп, жумушка жөнөөрү, жумушта 14 саат бою иштеп, элге жардам колун сунары айтылат. "Ага колу-буту күйгөндөр, октон, бычактан жаракат алгандар, жол кырсыгына кабылгандар, өмүрү кылдын учунда тургандар келишет. Ал үчүн сен кимсиӊ, эмне менен алектенесиӊ баары бир. Ал баарына бирдей мамиле кылып, жардам берет. Ал медайым. Менин аялым - баатыр", - деп Бобби жана башка аялынын көпчүлүк байкабаган жумушта, турмушта кездешчү кыйынчылыктар, маанайы, кайгысы тууралуу кеп кылат.
Албетте, анын мындай билдирүүсү окурманды ойлонтуп, аялзатын сыйлоо зарыл экендигин эске салып, көпчүлүктү таасирленткен.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.