Мындан 83 жыл мурун, 1934-жылы 8-мартта белгилүү акын, манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1948-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аскерге кеткен. Армиядан кийин Ысык-Көл облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенген. Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына манасчы болуп кабыл алынган.
1991-жылы Уркаш Мамбеталиевге "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 1994-жылы "Кыргыз Эл артисти" ардактуу наамдары ыйгарылган. "Түгөлбай ата" сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле "Манас" орденине да ээ болгон. У.Мамбеталиев 2011-жылдын 18-июнь күнү Кыргыз мамлекетинин элдеринин ассамблеясынын курултайына катышуу үчүн келгенде капысынан каза болгон.
8-мартка карата жылнаама