Жакындарын жол карап күткөн карыялар 8-Мартка карата сынак уюштурду (фоторепортаж)

Кечээ, 7-мартта Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин жашоочулары 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүн белгиледи. Анда аталган жайдын жашоочулары 5 топко бөлүнүп, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия жана Украина өлкөлөрүнүн улуттук маданиятын, тамак-ашын көрсөтүштү. Сынакта саламдашуу, ырдоо, улуттук тамак-аш жана улуттук кийимди көрсөтүү боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Карыялардын көңүлүн көтөрүү максатында шаардагы кафелердин биринин жаш жумушчулары музыкалык жабдыктары менен келишип, майрамдык маанай тартуулашты.

Аталган мекеменин жетекчиси Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, мындай иш-чаралар жашоочулардын бири-бири менен болгон мамилесин бекемдегенге өбөлгө болот.

"Сынакка баары кызуу даярданышты. Командалардын талантын калыстар тобу баалап, жыйынтыгында белектер тартууланды", - дейт Э. Абдылдаева.

Жыйынтыгында Украинанын маданиятын, тамак-ашын тааныштырган "Жоогазын" командасы жеңишке ээ болуп, катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

"Мен 12 жылдан бери ушул мекемеде ашпозчу болуп иштейм. Көп жылдар бою майрам күндөрү бул жерде жашагандарды куттуктап, балдары же жакын туугандары келгенин өтө аз кезиктирдим, дээрлик келишпейт. Бирок карыялар аларды күтүшөт", - деди ашпозчу Жылдыз Төлөгөнова.

Белгилей кетсек, мекемеде жалпы 212 киши жашайт. Алардын ичинен 40 жашоочу төшөктөн такыр тура албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2017-03-08 12:45:25
Майрамыңыздар менен куттуктайм апалар,эжелер!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан