16-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунда билим берүүдөгү тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу боюнча илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Белгилүү болгондой иш-чара “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулууда. “Азыркы билим берүүдө тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу” аттуу илимий-практикалык конференцияда төмөнкү маселелер каралат:
- Ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;
- Ыйман, адеп маселелеринин көркөм адабиятта чагылдырылышы;
- Окутууда ыйманга тарбиялоонун тарыхый аспектиси;
- Ыйман, адепке тарбиялоо теологиянын функциясы катары;
- Ыйман, адепке тарбиялоонун философиясы;
- Кыргыз искусствосу - ыйман, адепке тарбиялоонун жолу катары.