Айыл чарба министри Ош жана Баткен облустарындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев иш сапары менен Ош жана Баткен облустарында болду. Бул тууралуу 7-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда министр Ош шаарында “Жибек жолу-2017” Агро Экспо жарманкесинин ачылышына катышкан. Өз сөзүндө айыл чарбага сапаттуу каражаттарды алып келүү менен алектенген эл аралык компаниялардын катышуусундагы жарманкелер соода алакаларына жакшы таасирин тийгизерин белгиледи. Нурбек Мурзашев Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорундагы жазгы талаа иштери менен таанышып чыкты. Анда Араван районунда жалпы 19 миң гектар жер болсо, анын 15 680 гектары сугат жери экени айтылды. "ЕАЭБге киргенден кийин биз айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү чакан ишканаларга өзгөчө көңүл бурабыз. Өндүрүлгөн продукциялар ири сатып алуучуларга жетишине шарт түзүшүбүз керек", - деди министр.
Мындан сырткары Н. Мурашев Баткен облусундагы "Кара-Кыштак-Боз", "Бүргөндү" каналдарынын абалын көрдү. Ошону менен бирге Кадамжай жана Лейлек райондорундагы логистикалык борбор, фермердик ишканалардын иши менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан